Экинчи талапкер, “Бир бол” фракциясынын мүчөсү Чолпон Жакуповага 41 парламентарий добуш берген. Добуш берүү жашыруун жүргүзүлдү.
Февраль айынын башында парламенттин вице-спикери Бакыт Есенбаева өзүнүн депутаттык мандатын тапшырган. Жогорку Кеңештин жаңы түзүмүндө эки вице-спикер бар. Анын бири көпчүлүк коалициядан, бири оппозициядан шайланат.