Ссылки доступа

АКШнын мамкатчысы ИМди тукум курутуучулук үчүн күнөөлөдү


АКШнын мамкатчысы Жон Керри «Ислам мамлекети» экстремисттик тобун аймакта жашаган езид, христиан жана шииттерге карата тукум курутуу боюнча айыптоодо.

Анын айтымында, ИМдин тукум курутуу саясатын анын идеологиясынан, аракеттери жана көз карашынан билсе болот. Бул тууралуу Керри Мамлекеттик департаментте өткөн атайын брифингде маалымдады.

Мамкатчы ИМди адамзатка каршы, этникалык тазалоо жана кээ бир учарларда суннит, күрд жана башкаларга жасалган кылмыштар үчүн жоопкерчиликтүү деп эсептейт.

Керри белгилегендей, Сирияда уланып жаткан жаңжалга жана ИМ басып алган маанилүү облустарга жетүүгө жол жоктугуна карабастан, геноцид бул уюмга мүнөздүү деген жыйынтыкка келсе болот.

Керринин баамында, ИМди жеңген күндө да анын ордуна жаңы террористтик топтун пайда болушу ыктымал. “Биздин максат-экстремисттерди бироотоло жок кылуу”, - дейт ал.

XS
SM
MD
LG