Ссылки доступа

Иран менен Тажикстандын мамилеси жанданды


Иран жана Тажикстан ортосундагы коргоо жана коопсуздук боюнча келишим күчүнө кирди.

Документке президент Хасан Рухани 17-мартта кол койду.

Коргонуу жана коопсуздук боюнча келишимдин долбоорун даярдоо-өткөн жылдын декабрында Тажикстанда тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын төрагасы Мухиддин Кабирини Тегеран эл аралык конференцияга чакырган маалга туш келген. Буга байланыштуу тажик Тышкы Иштер министрлиги Иранга нота жолдогон.

Ирандын жообу ачыкталган эмес. Тажикстан Тышкы иштер министрлиги да нотанын мазмуну боюнча кеп козгогон жок. Бирок эки өлкөнүн элчиликтеринин расмий сайттарында дипломатиялык жаңжал чечилгени жана Иран Тажикстан менен мамилесин бузгусу келбей тургандыгы жазылган.

XS
SM
MD
LG