Журавлев Сирияда набыт кеткен бешинчи аскер болду.
Орусия бийликтери буга чейин атайын кызмат Сирияда тапшырмаларды аткарып келгендигин мойнуна алчу эмес. Алардын айтымында, Орусия аба соккуларын уруп, сириялык аскерлерди окутуп, орусиялык аскер базаларын кайтарып жана авиацияны жоготкон учурда аскер учкучтарын издөө жана куткарууга гана жардам беришет.
Буга чейин орусиялык ММКлар Сирияда мерт кеткен 4 аскер тууралуу жазып чыгышкан.
Орусиянын Сириядагы аскер кампаниясы 2015-жылдын 30-сентябрында башталып, 15 мартка чейин уланган. Жакында эле Путин Сириядан негизги аскер бөлүктөрүн чыгарууга буйрук берген. Бирок так саны азыркыга чейин айтыла элек.