Ссылки доступа

Мунайдын баасы быйылкы жылдын эң бийик көрсөткүчүнө жетти


АКШда өндүрүлгөн мунайзаттын баасы 17-мартта ушул жылдагы эң жогорку көрсөткүчтү багындырды. Анын бир баррелинин наркы төрт жарым пайызга көтөрүлүп, 40 доллар 20 центке чейин жетти. Бул – 2015-жылдын 3-декабрынан берки эң кымбат баа.

Мындай кымбаттоонун себебин АКШда мунайга болгон суроо-талаптын өсүшүнө, ошондой эле Сауд Аравиясы менен Орусия баштаган алдыңкы мунайзат өндүрүүчүлөрүнүн 17-апрелде Катарда боло турган жолугушуусуна байланыштырышууда. Жолугушууда дүйнөдө мунайзат өндүрүүнүн көлөмүн бир калыпта кармоо мүмкүнчүлүктөрү акыркы 15 жылда алгачкы ирет талкууга алынмакчы.

АКШда суроо-талаптын аздыгынан улам чийки мунайзатты өндүрүү кыскарууда. АКШнын Борбордук банкынын кайра каржылоонун ставкасын көтөрбөө жөнүндөгү чечими чийки заттын кымбатташынын дагы бир фактору болуп саналат. Ставка канчалык төмөн болсо, доллар ошончолук арзан болот. Ал эми доллардын арзан болушу мунайдын кымбатташына алып келет.

XS
SM
MD
LG