Ссылки доступа

Тажик диктору баласынын өлүмү үчүн конпенсация талап кылууда


Тажик телеканалынын мурдагы диктору Лубат Бурхонова уулунун өлгөнүнө жети жыл болгондон кийин Тажикстандын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынан 334 950 сомони өлчөмүндө кенемте талап кылды.

Анын жалгыз баласы Дилшодбек Муродов 2009-жылы түрмөдө каза тапкан.

Бурхонованы жактоочу менен камсыз кылган Адам укуктарын коргоо боюнча көз карандысыз борбордун директору Шиора Давлетова белгилегендей, доо арыз райондук сотко жөнөтүлдү.

Анын пикиринде, уулунун өлүмүнө байланыштуу моралдык зыянга дуушар болгону үчүнЛубат Бурхонова талап кылып жаткан сумма Адам укуктары боюнча борбордун эксперттери жана психологдору тарабынан аныкталган. Үй-бүлөнү бага турган жалгыз адамдын өлгөндүгү эске алынган.

Дилшодбек Муродов маңзат аткезчилиги боюнча 6 жылга соттолуп, түрмөдө жазасын өтөп жаткан. 2009-жылдын августунда менен эсин жоготкон абалда абактын санитардык бөлүмүнө жеткирилген. Денесинен ур-токмоктун издери табылган. Ал эсине келбей көз жумган.

XS
SM
MD
LG