Ссылки доступа

Швейцария ФИФАнын мурдагы менеджерине иш козгоду


Швейцария Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) мурдагы башкы катчысы Жероме Валькеге карата кылмыш ишин козгоду.

Швейцариянын башкы прокуратурасында кабарлангандай, Вальке “кылмыштуу чарбасыздыкка” шектелүүдө. Вальке камакка алынган жок, бирок аны тергөөчүлөр суракка алышты. Алардын айтымында, кылмыш иши ФИФАнын этика боюнча комитетинин иликтөөсүнөн кийинки берилген эки кайрылуунун негизинде козголгон.

Сентябрда Вальке кызматтык милдеттеринен убактылуу четтетилген болчу. ФИФанын этика боюнча комитети аны уюмга “олуттуу каржылык жоготууларды келтирген” деп эсептеп, футболдук ишмердүүлүктөн 12 жылга четтеткен.

Ошондой эле Швейцариянын прокуратурасы буга чейин эле Валькенин жетекчиси болгон Йозеф Блаттерге карата кылмыштуу чарбасыздык жана ФИФАнын каражаттарын мыйзамсыз кымырып алууга байланыштуу иш козгогон болчу.

XS
SM
MD
LG