Ссылки доступа

Савченко соттун өкүмүн тааныгысы келбейт


Орусиянын Донецк шаарчасында соттун украиналык аскерий учкуч Надежда Савченкого карата өкүмү окула баштады. Өкүмдү окуп жаткан сот украин учкучу бул кылмышка “жек көрүүчүлүк жана кастык” жүйөсүнөн улам барганын белгиледи.

Буга чейин прокурорлор соттон Савченкону 23 жылга түрмөгө кесүүнү суранышкан болчу.

Жактоочулар кабарлагандай, Савченко өкүмдү тааныгысы келбейт жана доо арызы менен кайрылууга ниети жок. Соттун бүтүмү чыккандан кийин деле кургак ачкачылыгын улантат.

Учкучтун ырастоосунда, аны 2014-жылы июнда Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилерге каршы ыктыярчылардын батальонунда жүргөн кезинде кармап кетишкен. Орусиялык тарап болсо украин учкучун чек арадан мыйзамсыз өттү деп, минометтун снарядынан каза тапкан орусиялык эки журналисттин өлүмүнө катышы бардыгы үчүн айыптаган.

XS
SM
MD
LG