Ссылки доступа

Рахмон: Нооруз майрамы динге же мазхабга тиешелүү эмес


Тажикстан президенти Нооруз кандайдыр бир динге же мазхабга эмес, гуманисттик жана тынчтык сүйүүчүлүк салт-санаага байланышкан маданий майрам экендигин билдирди.

Нооруз майрамын белгилеп келе жаткан өлкөлөрдүн адабиятчыларынын Эл аралык симпозиумунун катышуучуларынын алдында сүйлөгөн сөзүндө Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Нооруз майрамы адамдардын жүрөгүнө меймандостуктун, аруулуктун жана асылзаттыктын үрөнүн себет, табиятты жандантып, жарыктын караңгылыктын, жылуулуктун сууктун үстүнөн болгон жеңишин даңктайт жана адамдардын жашоого болгон сүйүүсүн арттырат деп билдирди.

«Ушул Нооруз күндөрү элибиз үйлөрүн жууп-тазалап, көчөлөрдү, бакчаларды ирээтке келтирип, жаңы кийимдерин кийип, бири-бирин жаңырган жаңы жыл жана жазгы талаа жумуштарынын башталышы менен чын жүрөктөн куттукташат”, - деп белгиледи Рахмон.

Нооруз майрамын белгилөө программасынын алкагында Нооруз ареалындагы өлкөлөрдүн жазуучуларынын Эл аралык симпозиумунун коноктору байыркы Пенджикент шаарына барып, ошондой эле персия-тажик поэзиясынын негиздөөчүсү Абуабдулло Рудакинин мүрзөсүнө зыярат кылып, андан тышкары Дарваз районунда жана белгилүү тажик акыны Мумин Каноаттын музейине баш бага тургандыгы күтүлүүдө. Иш-чаранын алкагында сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү жана китептердин экспозициясы да уюштурулмакчы.

XS
SM
MD
LG