Ссылки доступа

Барак Обама: Кубанын келечегин кубалыктар гана аныктайт


Демократия жана адам укуктарын сактоо маселелеринде кыйла келишпестиктер болгондугуна карабастан, Кошмо Штаттар менен Куба өз ара кызматташтыгын кеңейтүүгө кызыкдар.

Бул туурасында АКШ президенти Барак Обама менен Кубанын Мамкеңешинин башчысы Рауль Кастро Гаванада өткөн эки өлкөнүн лидерлеринин ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн кийинки биргелешкен басма сөз жыйынында билдиришти.

Өз сөзүндө Обама өлкөлөрдүн ортосундагы мамиле “бир түндө эле өзгөрүп калбайт” деп баса белгиледи. Ал Кубанын келечегин кубалыктар өздөрү аныкташы керек деп билдирди. Ошол эле учурда адам укуктары, анын ичинде сөз жана тынч чогулуу эркиндиги “универсалдуу баалуулуктар” экендигин белгиледи. Билдирүүлөргө караганда, АКШ президентинин иш сапарынын алдында ондогон куба диссиденттери камакка алынган.

Рауль Кастро өлкөлөр ортосундагы соода-сатык карым-катнаштарын кеңейтүүгө чакырды. Ал АКШ Конгрессин жарым кылым мурун киргизилген соода эмбаргосун алып салууга, ошондой эле Гуантанамодогу америкалык аскерий-деңиз базасын кайрадан Гавананын көзөмөлүнө кайтарып берүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG