Ссылки доступа

Казакстанда шайлоонун болжолдуу жыйынтыктары чыкты


Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттин төмөнкү палатасына мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоонун алдын-ала жыйынтыктарын чыгарды.

Акыркы маалыматтарга караганда, “Нур Отан” партиясына 82,15 % шайлоочу добуш берди, Казакстан элдик коммунистик партиясы 7, 14%, “Ак жол” 7,18%, “Бирлик” 0,29, Жалпы улуттук социал-демократиялык партиясы 1,18 %жана “Ауыл” партиясы 2% упай топтоду.

Парламентке жол ача турган жети пайыздык бөгөттү “Нур Отан”, “Ак жол”, Казакстан элдик коммунистик партиясы багындырды. Шайлоонун акыркы жыйынтыгы 26-марттан кечикпей чыгат.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясы шайлоонун жүрүшүндө олуттуу алешемдиктерге жол берилгенин жарыялады. Алардын пикиринде, жарандардын саясий укуктары чектелип, чыныгы атаандаштыкка жол берилген жок.

Байкоочулар Казакстанда шайлоо системасы реформага муктаж экендигин кошумчалашты.

XS
SM
MD
LG