Ссылки доступа

Асаддын тагдыры талаштуу маселеге айланды


Сириядагы согушту токтотууга багытталган Женевадагы тынчтык сүйлөшүүлөрдө аталган өлкөдөгү саясий трансформацияны ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү талкууга алынууда.

Бул шайлоо өткөрүү жана Сириянын президенти Башар Асаддын кызматынан кетиши дегенди билдирет. Бирок буга анын өкүлдөрү болушунча каршылык көрсөтүшүүдө.

БУУнун атайын чабарманы Стаффан де Мистура буга байланыштуу бейшемби күнү тыныгуу жарыяланганга чейин сириялык режимдин өлкөдөгү беш жылдык жаңжалдан кийинки жаңы өкмөтү кандай боло тургандыгына көз карашын кагаз жүзүндө беришин каалай тургандыгын билдирди. Де Мистура Сириянын башкы оппозициялык күчү болгон сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча жогорку комитетти Сириядагы саясий өзгөрүү жолдору туурасында “так жана таамай” сунуштарды бергендиги үчүн мактап, бирок буга чейинки жолугушуулар учурунда тараптар жол-жоболук маселелерге көп убакыт сарптап коюшканын белгиледи.

Асаддын тагдыры сүйлөшүүлөрдөгү эң оор жагдай боюнча калууда. Оппозиция президенттин отставка маселеси отурумда сөзсүз каралышы керектигин баса белгилөөдө.

XS
SM
MD
LG