Ссылки доступа

Обама Кубада саясий бозгундар менен жолугат


АКШ Президенти Барак Обама шейшемби күнү кубалык диссиденттер менен жолугушуп, Кубанын Мамкеңешинин башчысы Рауль Кастро менен бирге бейсбол оюнуна күбө болмокчу. Андан тышкары Обама Кубага болгон сапарын жыйынтыктаган сөз сүйлөмөкчү. Азыртан эле бул баяндама “тарыхый” мааниге ээ болот дегендер көп.

АКШ Президенти Гавананын Чоң театрында чыгып сөз сүйлөмөкчү. Reuters кабарлагандай, бул иш чараны ММКлар түз алып чагылдырышы ыктымал.

Январь айында Ак үйдөгү кызматынын мөөнөтү аяктай турган Обама мындан тышкары АКШ элчилигинде жарандык коомдун лидерлери менен жолугушат. Америкалык өкүлдөр бир нече ирет билдиргендей, Кубадагы адам укуктарынын сакталышына байланышкан жагдай Кубага карата ондогон жылдар мурун эле киргизилген америкалык эмбаргонун алынып салынышына кедергисин тийгизет. Ак үй Обама жолуга турган активисттердин тизмесин ачык жарыялаган жок.

Дүйшөмбүдө Кастро басма сөз жыйыны учурунда америкалык журналисттин анын саясий оппоненттеринин кармалышы туурасында берген суроосуна нааразы болгон эле. Ал адам укуктары бузулган учурлар жок деп билдирип, андай фактылар болсо, тизмесин берүүнү талап кылды. Ак үй мындай тизмелердин далайын буга чейин эле кубалык өкмөткө бергендигин билдирди.

2014-жылы ортону бир аз жылуулук араласа да, Обаманын диссиденттер менен жолугушуусу “суук согуш” учурунда каршылашкан тараптардын катарында болгон бул эки өлкөнүн арасында дале болсо чыңалуу бар экендигин айгинелеп турат.

Кубага болгон сапары аяктаган соң Обама эки күндүк иш сапары менен Аргентинага бармакчы.

XS
SM
MD
LG