Ссылки доступа

 Брюсселде Завентем аэропортунда жана "Мэльбэк" метростанциясында жардыруу болду


Бельгия баш калаасындагы “Завентем” аэропортунда бүгүн эртең мененки кош жардыруудан соң “Мэлбек” метростанциясында да бомба жарылды. Анын кесепети тууралуу азырынча так маалыматтар чыга элек.

Жергиликтүү булактар билдиргендей, жардыруу Евробиримдиктин институттары жайгашкан жерге жакын аралыкта уюштурулган

Брюсселдеги Завентем аэропортунда бүгүн эртең менен болгон кош жардыруудан кеминде 10 киши каза тапты. Бул тууралуу Белгиянын RTBF коомдук каналынын маалыматына таянуу менен Reuters кабарлады. Жараат алып, ооруканага жеткирилген кишилер отуз чакты экени айтылууда.

Аэропорттун учуу залында бүгүн таңкы саат жетилерде эки ирет бомба жарылган. Андан мурдараак атышуу болгону, айрым кишилердин араб тилинде кыйкырык салганы кабарланган.

Аэропорт жана темир жол каттамдары убактылуу токтотулду.

Брюсселде төрт күн мурун былтыр ноябрда Парижде 130 кишинин өмүрүн алган теракттын уюштуруучуларынын бири экени айтылган Салах Абдеслам аттуу жаран кармалган эле.

XS
SM
MD
LG