Ссылки доступа

Казакстанда үч партия парламентке кайтып келди


Парламентти таратуу демилгеси менен чыккан үч партия кайрадан төмөнкү палатага шайланып келди. Мажилистин курамына мурдагыдай эле «Нур Отан», «Ак жол» жана ККЭП депутаттары кирди.

Бешинчи чакырылыштагы төмөнкү палата 2016-жылдын январында Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев тарабынан таркатылган болчу.

Шайлоо 20-мартта өттү, ага жогоруда сөз болгон партиялардан тышкары «Бирлик», «Ауыл» жана Жалпы улуттук социал-демократиялык партиясы (ЖУСДП) катышты. Бул үч партия парламентке келүү үчүн зарыл болгон 7 пайыздык бөгөттөн өтө алган жок.

«Ауыл» партиясынын өкүлдөрү Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевди анын “Нур Отан” партиясынын жеңишке жетиши менен куттукташты. «Бирлик» партиясы шайлоо мыйзамга ылайык өткөрүлгөндүгүн билдирди.

ЖУСДП партиясы бул шайлоого катышкан жападан-жалгыз оппозициялык партия деп эсептелинет. Бүгүн ММКда анын билдирүүсү жарыяланды. Билдирүүдө бюллетендерди тобу менен үкөккө салуу, катталгандан башка жерлерден добуш берүү, байкоочулардын ишине кедерги болуу учурлары кездешкени айтылган. Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюронун Байкоочулар миссиясы (ДИАУБ) Казакстандагы парламенттик шайлоолордун жүрүшүндө олуттуу алешемдиктер болгондугун айтты. Байкоочулар түпкү жарандык укуктардын чектелишин, шайлоочулар үчүн чыныгы саясий тандоонун жана плюрализдин жоктугун сындашууда.

XS
SM
MD
LG