Ссылки доступа

Белгия полициясы тинтүүлөрдү жүргүзүүдө


Брюсселдин аэропортунда жана метросунда 34 адамдын өмүрүн алган жардыруулардан кийин Белгиянын бийлиги коопсуздук чараларын күчөтүп, жалпы өлкө боюнча тинтүү иштерин жүргүзүүдө.

Аталган теракттар үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” тобу өз мойнуна алды. Эң бийик деңгээлдеги коркунуч сакталууда деп белгиленип, борбор шаарга 225 жоокер жөнөтүлдү. Өлкө премьер-министри Шарль Мишель бул кол салууларды “ырайымсыз жана суу жүрөк” деп атады.

180ден ашуун адамдын жабыркагандыгы кабарланууда. Көпчүлүгүнүн абалы өтө оор. Белгия полициясы Брюсселдеги Скарбек районунда тинтүүлөрдү жүргүздү. Болжолдонгондой атайын операция учурунда жардыруучу заттар жана ИМ желеги табылган.

Белгия ММКлары аэропорттогу видеокамераларга түшүрүлгөн тасмалардан үзүндүлөрдү жарыялашты. Анда үч жаш жигиттин багаж салынган арабаны түртүп бараткандыгы тартылган. Алардын экөөсү өзүн-өзү жардырышы мүмкүн деп шектелип жаткандыгы кабарланууда. Үчүнчүсү изделип жатат. ИМ сайтында бул жардырууну “халифаттын жоокерлери” уюштурду деп жазылган.

(Телеканалдар үчүн сапаттуу видео: теракттан кийинки Мэлбек метростанциясы, Еврокомиссия жана Европа Кеңеш имаратынын айланасы:

https://rfeftp.rferl.org/?ShareToken=00A89E417E160F04A1CDC64F412746A61AF497AF )

XS
SM
MD
LG