Ссылки доступа

Airbus Тажикстандын мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөдө


Airbus компаниясы Тажикстандагы авиаташуулар рыногуна кызыга баштады. Airbus вице-президенти Сильвер Дэлонэ жетектеген компаниянын делегациясы Дүйшөмбүгө келип, Тажикстан өкмөтүнүн вице-премьер-министри Азим Ибрагим менен жолугушту.

Reuters агенттиги кабарлагандай, Тажикстан өкмөтү аталган француз компаниясы менен кызматташууга даяр экендигин билдирген.

Эске салсак, былтыркы жылдын аягында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Парижде вице-президент Сильвер Дэлонэ менен жолугушкан. Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы жолугушуу учурунда транспорт тармагындагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү талкууга алынгандыгын кабарлаган.

Тажикстан Airbus компаниянын учактарын сатып алуу туурасындагы келишимге кол коюуга даярдыгы азырынча белгисиз. Ушул тапта TajikAir менен SomonAir тажик компаниялары Boeing америкалык компаниясынын учактарын жана россиялык ТУ учактарын колдонушат.

TajikAir компаниясынын 35 учагы бар болгону менен алардын 15ин гана колдонот. Анын ичинде 8 “Боинг" бар. Компаниядагы жагдай оор, анын карызы 110 миллион сомониге жетти.

XS
SM
MD
LG