Ссылки доступа

 Казакстанда кондиционер жөнүндөгү буйрук өзгөрдү


Казакстанда көптөгөн жашоочулардын даттанууларынан кийин чиновниктер көп кабаттуу үйлөргө кондиционерлерди орнотуу боюнча жаңы буйрукту өзгөртүүгө мажбур болушту. Эми үйлөрдүн маңдайына жайгаштырылган желдеткичтер үчүн тургундар мурдагыдай айыппул төлөшпөйт.


Казакстандын борбордук көчөлөрүндөгү көп кабаттуу турак-жайлардын фасаддарына кондиционерлерди орнотууга тыюу салган мыйзам 1-марттан тарта күчүнө кирген. Документке Улуттук экономика министрлиги кол койгон.

Ушул эле буйруктун негизинде көп кабаттуу үйлөргө жана коомдук имараттарга лицензиясы жок байланыш операторлорунун спутник жана эфир сигналдарын таркатуучу жабдууларын орнотууга тыюу салынган. Жаңы демилге коопсуздук жана калк жыш жайгашкан аймактардагы архитектуралык келбетти сактоого багытталган.

Бийлик антенналарды жана желдеткичтерди алып таштоого буйрук берген. Чиновниктер 40 миңден 210 миң теңгеге чейин айыппул салабыз деп коркутушкан болчу.

XS
SM
MD
LG