Сириядагы кырдаал, Женевада жүргүзүлүп жаткан сирия өкмөтү менен оппозиция өкүлдөрүнүн ортосундагы тынчтык макулдашууларынын келечеги жана Украинанын чыгышындагы кризис сүйлөшүүлөрдүн башкы темалары катары каралууда.
Расмий Вашингтон мамкатчынын Москвага болгон сапары АКШ менен Орусиянын ортосундагы кызматташтыкты бекемдейт деп үмүттөнөт. Ошондой эле Вашингтон менен Москва демөөрчү болуп жаткан Женевадагы тынчтык сүйлөшүүлөрдүн ийгилигине да түрткү болот деген ишеними бар. Бирок АКШ согуштук аракеттерге чогуу көз салуудан баш тарткан. Алардын бул кадамын Орусия сынга алып, убактылуу жарашууну бузгандарды жеке өзү жазалайм деп опузалаган.
Украинанын чыгышындагы начарлап бараткан кырдаал да Жон Керринин Москвада жүргүзө турган сүйлөшүүлөрүнүн маанилүү темаларынан болот.
Мамкатчы шейшембиде орусиялык сот 22 жылга кесип жиберген украиналык учкуч аскер Надежда Савченконун тагдырына байланышкан маселени да көтөрмөкчү. АКШ буга чейин эле бир нече ирет аны боштондукка чыгарууга чакырган. Мамдепартаметтин басма сөз катчысы Орусия эки жыл бою Савченкону эч кандай реалдуу фактыларга негизделбеген айыптоолор боюнча мыйзамсыз камакта кармап турат деп билдирди.