Ссылки доступа

Оппозициянын Оштогу митинги өтпөй турган болду


Оппозициянын эртең, 24-мартта Ошто пландалып жаткан митинги өтпөй турган болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Эл үнү" кыймылынын өкүлү Медер Үсөнов билдирди. Анын айтымында, чек арадагы кырдаалга байланыштуу ушундай чечим кабыл алынды.

Оппозициянын митинги белгисиз мөөнөткө жылганын “Эл үнү" кыймылынын жетекчиси Азимбек Бекназаров тастыктады.

Бекназаров Аксыдагы азыркы абалды "чыңалган" деп атап, митингди өткөрбөө чечими ушул себептен улам кабыл алынганын айтты.

22-мартта интернетке оппозициячыл маанайдагы айрым саясатчылардын Ошто өтчү жыйыны, бийликти күч менен алмаштыруу тууралуу сүйлөшүүлөрү деген тымызын жаздырылып алынган аудио тасмалар жарыяланган болчу. УКМК интернетке жарыяланган сүйлөшүүлөрдүн анык экенин экспертиза далилдегенин тастыктады.

18-марттан бери Аксы тарапта кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштуу тилкеде өзбек чек арачылары турат. Кыргызстан муну мыйзамсыз кадам деп атоодо.

XS
SM
MD
LG