Ссылки доступа

Алматыда IV боди-арт фестивалы өттү


Алматыдагы түнкү клубдардын биринде боди-арт фестивалы төртүнчү жолу өткөрүлдү. Ага биринчи ирет Кыргызстан, Украина жана Франциядан келген сүрөтчүлөр катышты.

Аталган фестивалда бардыгы болуп 18 сүрөтчү таймашты. Жууп кетирсе боло турган «Аква-крем» боёгу менен алар 18 моделдин денесине сүрөт тартышты. Сынактын катышуучулары эки номинация боюнча ат салышты. Адегенде Нооруз темасында, андан соң “Казинодогу башка планеталыктар” деген аталышта боди-арт композициясын жаратышты. Ар бир номинациядан үчтөн жеңүүчү аныкталып, фестивалдын дипломдорун жана сыйлыктарын жеңип алышты.

Бул арт-шоу визажист-стилист, эл аралык класстагы чебер Анастасия Доронина тарабынан уюштурулган. Боди-арт фестивалы Казакстанда боди-артты өнүктүрүү милдетин аркалаган социалдык долбоор катары кабылданат.

Боди-арт (англ. body art — «дене искусствосу») — авангард искусствосунун формаларынын бири. Мында адамдын денеси чыгармачылыктын башкы объекти катары каралып, ал эми маани-маңызы денеге ар кыл белгилер менен сүрөттөрдү тартуу аркылуу чагылдырылат.

XS
SM
MD
LG