№3003 жүк ташуучу поездинин айдоочусу семафордун тыюу салган белгисине карабай, саатына 70 чакырым ылдамдыкта айдап бара жатып, жеңил унааларды ташыган бош поезд менен сүзүшүп кеткен. Алдын-ала айтылган маалыматтар боюнча машинист поезддин кабинасында үргүлөп кеткен.
– Айдоочу денесинен жеңил жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Азыркы абалы канааттандыраарлык. Бирок вагондор олуттуу зыян тартышты. Канчалык деңгээлде зыян болгондугун «Узбекистон темир йуллари» акционердик коому аныктайт, – деп Борбордук Азия Жаңылыктар кызматына укук коргоо органдарындагы өздүк булак кабарлады.
Азыркы тапта локомотивдер техникалык экспертизадан өткөрүлүп, зыяндын көлөмү такталууда. Өзбекстандын транспорт прокуратурасы окуя боюнча кылмыш ишин козгоду.