Ссылки доступа

Тажикстан: миллиард сомонилик цемент заводу


Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Гафур районунун Чашмасор айыл аймагындагы «Хуаксин Гаюр-Сугдцемент» цемент заводунун ачылыш аземине катышты.

Заводдун курулушу 2014-жылы жергиликтүү «Гаюрцемент» компаниясы жана кытайлык өнөктөштөр − «Хуаксин-цемент» компаниясы менен биргеликте башталган. Завод 48 гектар аянтка курулуп, ага 1 миллиард сомониден ашуун суммадагы каражат жумшалды.

Долбоорлук кубаттуулугу боюнча завод суткасына 3300 тонна, жылына 1 миллион тоннадан ашык цемент чыгарууга ылайыкталган. Бул жерде 1300 адам туруктуу жумуш менен камсыз болуп, алардын 90 пайызын Тажикстандын жарандары түзөт. Орточо айлык акы - 1500 сомониден 12 000 сомониге чейин.

Заводдун туруктуу иштешин камсыздоо жана жумушчулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында кубаттуулугу 25 МВт/с болгон жылуулук электростанциясы, заманбап жатакана жана ашкана курулган.

XS
SM
MD
LG