Ссылки доступа

Брюсселдин аэропорту жакынкы күндөрдө жабык болот


Брюсселдеги теракттарга байланыштуу убактылуу жабылган тоннелдер менен метролордо акырындык менен кыймыл калыбына келе баштады. Аэропорттун расмий сайтында бейшемби жана жума күндөрү аэропорт жабык боюнча кала тургандыгы жөнүндө жарыя жайгаштырылган.

Бельгия тергөөчүлөрү аэропортто бомбаны 29 жаштагы бельгиялык жаран Брахим Бакрауи жардырган деп эсептешет. Ошондой эле "Маальбек" метросундагы жардырууга анын иниси, 27 жаштагы Халид Бакрауи жоопкерчиликтүү деген пикирди карманышууда. Кечээ ага-ини Бакрауинин шериги деп божомолдонуп жаткан адамды издөө улантылган. Ал жарылуучу зат салынган баштыкты аэропортто калтырып, качып кеткен. Бомба жарылган эмес, аны полиция таап алып, зыянсыздандырды. Теракттын “качып кеткен” төртүнчү катышуучусу да бар деп айтылууда. Брюсселдеги бул теракттар үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” деп аталган экстремисттик топ мойнуна алды.

22-мартта Брюсселде өзүн-өзү жардырган жанкечтилердин бири 2015-жылдын июнунда Түркиянын түштүгүндө, Сирия менен чектешкен жерде кармалган болчу. Бир айдан кийин аны өлкөдөн чыгарып жиберишкен. Бул туурасында Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган 23-мартта Анкарада өткөн басма сөз жыйынында билдирди.

Түркия голландия жана бельгия бийлигине сөз “чет өлкөлүк согушчан-террорчу” туурасында болуп жаткандыгын эскерткени менен Нидерландыдагы коопсуздук органдары шектелип жаткан адамдын жихадчылар менен байланышы жок деп эркиндикке чыгарып жиберишкендиги белгиленүүдө.

XS
SM
MD
LG