Ссылки доступа

Орусиялык генерал атайын бөлүктүн Сириядагы согушка катышканын моюнга алды


Борбордук аскердик округдун кол башчысынын орун басары, генерал-полковник Александр Дворников "Российская газета" басылмасына маек куруп, Сириядагы аскердик операция жөнүндө айтып берди.

Кеңешчилер сирия армиясынын“тактикалык топторуна”чейин көмөк көрсөтөрүн, атайын бөлүк болсо, чалгын менен алектенерин моюнга алды.

Генерал-полковниктин айтымында, өкмөттүк аскер бөлүктөрүн даярдап, күрддөргө жана башка “мекенчил уюмдарга” жардам берген аскер кеңешчилеринин көмөгү менен Сириядагы согуштук абалды жөнгө салууга мүмкүн болду.

- Жашыргым келбейт. Сирияда биздин атайын бөлүк бар. Алар орус аба күчтөрү сокку ура турган объектилерди чалгындап, башка да атайын тапшырмаларды аткарышат, - деди Дворников.

Ал Сирияда АКШнын жана башка коалициялардын дагы ушундай эле бөлүктөрү бар экенин кошумчалады.

Сириядагы орус операциясы жарым жылдан бери уланууда. 2016-жылдын 14-мартында Владимир Путин аскер күчтөрүнүн айрым бөлүгүн чыгарып кетерин жарыялаган. Анын айтымында, Сириядагы операциялар үчүн 33 миллиард рубль жумшалган. Орусия расмий түрдө беш аскер кызматкеринин, анын ичинде Атайын операция күчүнүн бир жоокери - Федор Журавлевдун курман болгонун моюнга алды.

XS
SM
MD
LG