Ссылки доступа

Радован Каражичке өкүмдү Гаагадагы трибунал чыгарат


Бүгүн Гаагадагы мурдагы Югославия боюнча эл аралык трибунал (МЮЭТ) босниялык сербдердин мурдагы лидери Радован Каражичке өкүмүн жарыяламакчы. Ал тукум курутуучулук, адамзатка каршы кылмыштар, согушуунун Женева конвенциясы бекиткен мыйзамдарын жана салттарын бузуу боюнча айыпталууда.

Сөз Сараевону курчоого алып, Сребреницадагы мусулмандарды массалык түрдө кыруудагы Каражичтин жетекчилик ролу туурасында болуп жатат. 21 жыл мурун босниялык сербдердин армиясы бир нече күн ичинде дээрлик сегиз миң эркекти, анын ичинде карылар менен балдарды кырып жиберген болчу.

Мурдагы Югославия боюнча Эл аралык трибунал ишин аяктап калды. Кийинки жылы ал жабылат. Ушул айда серб улутчулу, Сербиянын Радикалдуу партиясынын лидери Воислав Шешелге тиешелүү соттук жараян дагы аягына чыгат. Ал эми генерал Ратко Младичтин процессинде жактоочулар версиясын бере турган мөөнөт аяктап баратат.

Айыптоочулар Младич менен Каражичти Сребреницадагы тукум курутуучулук иштери үчүн жооптуу болгон бир “корпорациянын” эки негизги каарманы катары карашат. Алар тукум курутуучулук, киши өлтүрүү жана сексуалдык зордук-зомбулук боюнча жүздөн ашуун фактылар боюнча далилдерди келтиришти. Прокурор Каражичти өмүр бою эркинен ажыратууну талап кылды.

XS
SM
MD
LG