Ссылки доступа

ИМ Европада теракт жасоо үчүн согушчандарды даярдоодо


Европада теракттарды жасоо максатында “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу бери дегенде эле 400 согушчанды даярдап жатат. Бул туурасында Associated Press агенттиги билдирет. Бул маалымат европа өлкөлөрүнүн жана Ирактын атайын кызматтарындагы өздүк булактарга шилтеме берүү менен кабарланды.

Аталган булактардын маалыматына ылайык, террорчулар Ирак менен Сириядагы ИМ лагерлеринде олуттуу даярдыктан өтүшүүдө. Европага баргандан кийин алар өз алдынча террор уюмдарын түзүшмөкчү. Бул уюмдар ар кайсы жерде ар кандай жол менен жасалган акциялардын натыйжалуу болушу үчүн иш-аракеттерин айкалыштырып турууну көздөшөт. Буга чейин масштабдуу теракттарды жасоого аракет кылып келишсе, эми чакан теракттардын сериясын ишке ашырууга басым жасалмакчы.

Тергөөчүлөр жакында эле Парижде болуп өткөн бир катар теракттардын уюштуруучусу Салах Абдесаламды камакка алуу Брюсселде теракт жасалышына түрткү болушу мүмкүн деп шек санашууда. Аны Абдесалам Бельгияда уюштурган террор уюмунун мүчөлөрү менен ишке ашырышы мүмкүн.

Жанкечти террорчулардын экөө, белгиялык бир туугандар Ибрагим менен Халид Бакрауи, буга чейин укук бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартылышкан.

Бельгия тергөөчүлөрү жардыруу болоордун алдында террорчулар менен бирге брюсселдик аэропортко келген алардын шеригин издөөнү улантууда. Ал жаңы теракттарды жасашы мүмкүн деген кооптонуу бар

XS
SM
MD
LG