Анда Сириядагы тынчтыкты калыбына келтирүү, президент Башар Асадды бийликтен четтетүү, Украина жаңжалын жөнгө салуу жана Надежда Савченкону бошотуу боюнча маселелер көтөрүлө турганы күтүлүүдө. Вашингтон учкучту 22 жылга кесүү акыйкатсыз чечим экендигин билдирүүдө. Мамлекеттик департаменттен кабарлашкандай, талкууга алына турган дагы бир тема-Минск келишиминин аткарылышы жана Донбасстагы абалдын курчушу.
Керри Москвада Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер менен да кездешмекчи.