Ссылки доступа

Атамбаев ШКУнун Ташкенттеги саммитине катышуудан баш тартты


Президент Атамбаев кыргыз-өзбек чек арасындагы соңку окуяларга байланыштуу Шаңхай кызматташтык уюмунун быйыл Ташкентте өтө турган саммитине катышпайт. Бул тууралуу ал кечээ Бишкекте журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Кыргыз-өзбек чек арасында түзүлгөн соңку кырдаалга байланыштуу эки өлкөнүн саясий мамилеси курчуп турат. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги эки сапарӨзбекстанга нота жиберген.Коңшу өлкөнүн бийлиги бул кадамын майрам алдындагы тыкыр көзөмөлгө катары сыпаттап, бирок Нооруз бүткөндөн кийин деле аскер техникаларын толук алып чыгып кеткен эмес. Соңку нотага болсо али жооп бере элек.

Өзбекстандын аскерлери кыргыз-өзбек чек арасынын такталбаган тилкесине эки БТР менен 40ка жакын жоокерин алып келип койгон. Кыргызстан жооп катары ушундай эле сандагы жоокер менен аскерий техникасын жайгаштырган. 21-мартта аскерлердин саны эки тараптан тең 8 адамга чейин кыскартылган.

Чаласарт тилкесин Кыргызстандын Чек ара кызматы талаштуу деп атап келет. Бирок жергиликтүү кыргызстандык тургундар ал жерди 20 жылдан ашуун убакыттан бери өзүлөрү иштетип келатканын, тилке Кыргызстанга таандык экенин айтууда.

ШКУнун президенттеринин жыйыны 23-24-июнда Ташкентте өткөнү жатат.

Ага Орусия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө. Ооганстан, Индия, Иран, Монголия жана Пакистан байкоочулук макамга ээ.

XS
SM
MD
LG