Ссылки доступа

Пальмирага жакын жерде орусиялык атайын бөлүктүн офицери курман болду


Атайын операцияларды аткарып жаткан орусиялык күчтөрдүн офицери Пальмирага жакын жерде согуштук тапшырманы аткаруу учурунда курман болду. Бул туурасында Сириядагы Хмеймимде жайгашкан орусиялык пункттун өкүлү "Интерфакска" билдирди

Өздүк булактын айтымында, офицер согуштук тапшырманы аткаруу үчүн бир жумадан бери Пальмирага жакын жерде болгон. Ага орус авиациясынын соккулары так болушу үчүн “Ислам мамлекети” тобунун маанилүү объектилеринин так координаттарын аныктоо милдети тагылган.

Расмий маалыматтар боюнча Сириядагы орусиялык аскерий операциялар учурунда беш орусиялык жоокер курман болгон. ММКлар болсо жети аскер адамынын набыт кеткенин жазышууда.

Бейшембиде сириялык өкмөттүн аскерлери Пальмиранын маданий-тарыхый комплексине жакын жерде согуштук аракеттерди жүргүзүп жатат деген маалымат келе баштады. Пальмира ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастарынын объекти болуп саналат.

XS
SM
MD
LG