Ссылки доступа

Орусия: дарыгер бейтапты өлтүргөндүгү үчүн соттолду


Белгород соту шаардык оорукананын мурдагы хирургу Илья Зелендиновго өкүм чыгарды. Дарыгер бейтапка кол көтөрүп, натыйжада ал адам каза болуп калгандыгына байланыштуу айыпталган болчу.

Зелендинов 9 жыл 2 ай мөөнөткө катаал режимдеги колонияда жаза өтөөгө кесилди. Эркиндикке чыккандан кийин дагы 3 жылга чейин кесиби боюнча иштөөгө тыюу салынды.

32 жаштагы дарыгер жабырлануучуга бейбаштык менен кол көтөрүп, денесине оор залал келтирип, натыйжада ал каза тапкан деп айыпталган. Анын жактоочусу соттон шарттуу жаза берүүнү өтүнгөн болчу.

Окуя ооруканада былтыркы жылдын 29-декабрында болуп өткөн. Тергөөнүн маалыматына караганда, кабыл алуу бөлүмүнө келген бейтап чатак салып, тынчтанбай, процедура учурунда медайымды тээп жиберген. Зелендинов аны жаак талаштыра бир уруп, анан денесине да кол көтөргөн. Бейтап жыгылып түшүп, кийинчерээк каза болгон.

XS
SM
MD
LG