Ссылки доступа

Тажик президенти Сириядагы жихадды колдоочулардын “очогуна” барды


Тажикстан президенти Исфаранын жаштары экстремисттик топторго азгырылып жаткандыгына кабатырланып, жергиликтүү бийликтен экстремизм идеяларын таратуучулар менен күрөштү күчөтүүнү талап кылды.

Эмомали Рахмон Согди облусунун Исфара районунун жашоочуларын мындай азгырылуулардын алдын алууга чакырды. Аталган райондун 40тан ашуун тургуну Сирия менен Ирактагы террордук уюмардын мүчөсү болуп саналат. Чоркишлок аталган бир гана айылдан Сирияга 20 адам жөнөп кеткен. Алардын айрымдары үй-бүлөсүн да ала кетишкен.

Тажикстан президенти жергиликтүү бийликти жаштардын жана өспүрүмдөрдүн арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырды. Ал ата-энелер менен мугалимдерге кайрылып, алардын бул көйгөйдөн четте калбай, балдардын келечегине жана тагдырына көбүрөөк көңүл буруусун өтүндү.

Ушул эле күнү Түркиянын ММКлары түркия-сирия чек арасында 5 жаран кармалгандыгын, алар негизинен тажик жарандары экендигин кабарлашты.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча Тажикстандын миңден ашуун жараны Ирак менен Сириядагы экстремисттик топторго, анын ичинде “Ислам мамлекетине” да кошулуп кетишкен. Аталган өлкөлөрдөгү согуштук иш-аракеттерге катышкан 150 тажикстандыктын курман болгондугу белгилүү.

XS
SM
MD
LG