Ссылки доступа

Казак мушкери WBA рейтингиндеги мыктылардын тизмесине кошулду


АКШда жашаган 25 жаштагы казакстандык кесипкөй мушкер Жанкош Тураров WBA рейтингиндеги 15 мыкты мушкердин катарына кошулду. Ал 18 беттешүүнүн бардыгында жеңишке ээ болгон.

Жанкош Тураров 1990-жылы Жамбыл облусунун Талас районунун Аккөл айылында туулган. 2004-жылдан бери бокс менен машыгат. 2008-жылы Алматыга кесипкөй бокстун сырларын өздөштүрүү үчүн келген. 2012-жылы кесипкөй мушкерлердин арасында Казакстандын чемпиону аталган.2013-жылдан тартып Майамиде Канат Ислам менен биргеликте Нельсон Лопестин колунда машыгууда.

Жанкош Тураров кеңеш доорунда кесипкөй бокска көп көңүл бурулчу эмес деп эсептейт. Ал 66,7 кг салмактагы мушкерлердин арасында 18 ирет беттешүү өткөрүп, бардыгында жеңишке жетишкен. Анын ичинен 13 таймашты мөөнөтүнөн мурда аягына чыгарган.

29-январда Нью-Йоркто өткөн 12-раунддук таймаш учурунда атаандашы бразилиялык Хоаким Карнейрону алгачкы раундда эле жеңип, NBA (Улуттук мушкерлик ассоциация) версиясы боюнча чемпиондукту багындырган.

Азыр спортчу Казакстанда эс алууда. Апрелдин ортосунда 19-беттешүүсүн өткөрүү үчүн АКШга кайтып бармакчы. Жанкоштун айтымында, азыр промоутери Нельсон Лопес ага атаандаш издеп жатат. Жанкош Тураров быйыл үч-төрт таймаш өткөрүүнү пландоодо. 2017-жылдагы дүйнөлүк рейтингде 10 мыкты мушкердин катарына кошулуп, дүйнө чемпиону титулу үчүн күрөшсөм деген тилеги бар.

XS
SM
MD
LG