Ссылки доступа

Керри Путин менен жолугушууда Савченкону бошотууга чакырды


АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Орусия президенти Владимир Путин 24-мартта төрт саатка созулган жолугушуу өткөрүштү. Анда Сирия менен Украинадагы абалга байланышкан маселелер талкууланды. Жолугушуудан соң Керри Путин менен болгон сүйлөшүүлөр “жемиштүү” болгондугун билдирди.

Басма сөз жыйынында Керри Донбасста ок атышууну токтотуунун иштиктүү режимин орнотуу боюнча чаралар талкуулагандыгын ортого салды. Ошондой эле орусия соту 22 жылга кескен украиналык учкуч аскер Надежда Савченконун тагдыры жөнүндө сөз болгондугун белгиледи.

Маалымат жыйынына катышкан Тышкы иштер министри Сергей Лавров расмий Москва Жон Керриге Савченко маселеси боюнча позициясын билдиргендигин айтты. Ошондой эле АКШ Украинанын Донбасстагы жаңжалды жөнгө салууга багытталган Минск келишимин аткарышына түрткү берет деп үмүттөнө тургандыгын белгиледи. Москва дагы өзүн-өзү жарыялаган ДЭР менен ЛЭР жетекчилигине ушул эле максатта таасир этүүгө аракет кыларын кошумчалады.

Эки өлкө тең Сириядагы саясий өткөөл мезгилди калыптандырууга макулдашты.

XS
SM
MD
LG