Ссылки доступа

Кыргыз-өзбек чек арасында абал туруктуу


Кыргыз-өзбек чек арасында абал туруктуу.Бул тууралуу бүгүн Чек ара кызматынан кабарлашты. Эки тараптын аскерлери тең талаш тилкеде күчөтүлгөн тартипте иштөөсүн улантууда.

Кыргызстан эч ким менен согуш баштабай тургандыгын, бирок коркунуч болсо жооп бергенге даяр экенин кечээ президент Алмазбек Атамбаев журналистердин суроолоруна жооп берип жатып билдирген. Өлкө башчы 23-24-июнда Ташкентте өтө турган ШКУ саммитине катышпай турганын жарыялаган.

Бул арада тактала элек Чала-Сарт аймагындагы Ала-Бука-Кербен жолунда жүргүнчүлөр тоскоолдуксуз өтүшүүдө.

18-мартта Өзбекстандын аскерлери кыргыз-өзбек чек арасынын такталбаган тилкесине эки БТР менен 40ка жакын жоокерин алып келип койгон. Кыргызстан жооп катары ушундай эле сандагы жоокер менен аскерий техникасын жайгаштырган. Ушул тапта эки тараптан тең сегизден аскер калды.

XS
SM
MD
LG