Ссылки доступа

Украина элчиси: Савченко авторитардык режимдин курмандыгы


Ukraine – #FreeSavchenko rally outside the Russian consulate in Kharkiv. 09Mar2016

Ukraine – #FreeSavchenko rally outside the Russian consulate in Kharkiv. 09Mar2016

Украинанын Тажикстандагы элчиси Виктор Никитюк Надежда Савченкого карата чыгарылган өкүмдү адилетсиз деп эсептейт. Ал учкучту “Орусиянын авторитардык режиминин курмандыгы” катары сыпаттады.

25-мартта таратылган расмий билдирүүдө Виктор Никитюк Орусияны Минск макулдашууларын одоно бузуп, эл аралык коомчулуктун кайрылууларын тоготпой койду деп айыптады.

Элчинин пикиринде, Савченкого карата козголгон иш Орусияда сот адилеттиги жок экендигин көрсөтүп, саясаттын барымтасында калгандыгын ачыктады. Элчи ырастагандай, Киев Савченкону Украинанын аймагында кармалган эки орус аскерине алмашууга даяр.

Ростов облусунун Донецк шаардык соту 22-мартта украиналык учкуч аскер Надежда Савченкону 22 жылга кескен. Ал эки орусиялык журналисттин өлүмүнө күнөөлү деп табылган.

XS
SM
MD
LG