Ссылки доступа

Асанов менен Кадыровго байланышкан тергөө уланууда


УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулаймановдун “Азаттыкка” билдиришинче, оппозициялык саясатчылар Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров боюнча тергөө жүрүп жатат.

Алар 24-мартта бийликти басып алуу аракетине байланыштуу козголгон кылмыш иштин негизинде УКМКга алынып келинген. Аталган мекеме бул боюнча сот менен Башкы прокуратурадан санкция алынганын маалымдады.

22-мартта интернетте оппозициячыл маанайдагы айрым саясатчылардын Ошто өтчү жыйыны, бийликти күч менен алмаштыруу тууралуу сүйлөшүүлөрү делген 2 аудио тасма тарап кеткен. Ага катышты делген саясатчылар муну каралоо катары баалашууда.

XS
SM
MD
LG