Ссылки доступа

Казакстандыктар сакталган куралдарды полицияга өткөрүп беришүүдө


Казакстандын ички иштер министрлиги жарандарга кайрылып, сакталган куралдарды полицияга өткөрүп берүүнү сунуштоодо.

Казакстанда травматикалык куралды мыйзамсыз сатып алуу, бирөөгө берүү, сактоо, ташуу жана алып жүрүү үчүн кылмыш жоопкерчилиги киргизилген. Мыйзам ушул жылдын башынан тартып күчүнө кирет.

Тартип сакчылары билдиргендей, өз ыктыяры менен травматикалык куралды жана анын окторун өткөрүп бергендер кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

ИИМдин маалыматы боюнча ички иштер органдары 2015-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин жалпы суммасы 2,3 миллиард теңге болгон (азыркы курс боюнча 6,5 миллион доллар) ок атуучу сайсыз жана газ колдонуучу куралды элден сатып алган. Жалпы Казакстан боюнча жарандар өз ыктыяры менен 46 миң даана травматикалык куралды өткөрүп беришкен.

XS
SM
MD
LG