Ссылки доступа

Тажик жараны ИМ идеяларын жайылтканы үчүн камакка алынды


Тажикстан жараны социалдык түйүндөрдө “Ислам мамлекети” террордук топтун идеяларын жайылтканы үчүн Санкт-Петербургда камакка алынды. Давронжон Давлатовго карата Тажикстанда да кылмыш иши козголду.

Санкт-Петербургдагы сот “Ислам мамлекети” эл аралык террордук топтун курамына социалдык түйүндөр аркылуу кирген тажик жаранын камакка алды. Белгилүү болгондой, ИМ ишмердүүлүгүнө Орусия менен Тажикстан аймагында тыюу салынган.

Шаардык прокуратуранын басма сөз катчысы Екатерина Беспалова Тажикстан бийлиги тарабынан Давронжон Давлатов эл аралык издөөгө жарыяланганын кабарлады. Азыр аны мекенине экстрадициялоо маселеси чечилүүдө.

Анын айтымында, Давлатов 14-мартта кармалган. Кийинки күнү Петербургдун Киров райондук соту аны экстрадициялоо максатында камакка алууга уруксат берген. Кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча орусиялык укук коргоо органдары аны куугунтуктоого албайт.

Екатерина Беспалова кабарлагандай, Давлатов Орусияда жүргөн кезинде социалдык түйүндөр аркылуу тыюу салынган “Ислам мамлекети” уюмуна кошулуп, өз баракчасында экстремисттик мүнөздөгү сүрөттөрдү жарыялап турган.

XS
SM
MD
LG