Ссылки доступа

Лахордогу жардыруунун курмандыктары– аялдар менен балдар


Пакистандын Лахор шаарында жекшемби күнү жанкечти өзүн-өзү жардырды. Натыйжада ондогон адам набыт болду. Алардын көпчүлүгү - аялдар менен балдар.

Акыркы маалыматтарга караганда, 65 адам каза таап, 200гө жакыны жарадар болгон. Жардыруу Гүлшан-и-Икбал сейил багында, балдар аянтчасына жакын жерде ишке ашкан.

Жекшемби болгондуктан жардыруу учурунда сейил бакта адамдар көп болгон. Ага кошумча христиандардын Пасха майрамы да ушул күнү белгиленип жаткан. Сейил бактагылардын көпчүлүгү христиандар эле.

Бул жардыруунун жоопкерчилигин «Джамаат уль-Ахрар» экстремисттик тобу өз мойнуна алды. Ал пакистандык талибдердин кыймылына кирет. Алар бул кадам христиандык азчылыктарга каршы багытталгандыгын билдиришти.

XS
SM
MD
LG