Ссылки доступа

Кремль: Орусия терроризм менен күрөшүүдө Сирияга жардам берүүсүн улантат


Орусиялык аскерлердин негизги бөлүгү Сириядан кеткени менен Орусиянын куралдуу күчтөрү мындан ары да сириянын бийлигине терроризм менен күрөшүүгө жардам берүүсүн улантат.

Орусия президенти Владимир Путин муну дагы бир ирет баса белгилегендигин анын басма сөз катчысы Дмитрий Песков кабарлады. 27-мартта Путин Сириянын президенти Башар Асад жана ЮНЕСКОнун башкы директору Ирина Бокова менен телефон аркылуу маектешти. Путин Асадды Пальмира тарыхый шаарынын согушчандардан бошотулушу менен куттуктап, калааны сактап калуу дүйнөлүк маданият үчүн маанилүү экендигин белгиледи.

БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мун Пальмиранын жана анда жайгашкан дүйнөгө таанымал тарыхый эстеликтердин бошотулушу туурасындагы кабарга кубанычта болгондугун айтты. Аммандагы басма сөз жыйынында Пан Ги Мун «террорчулар адамдарды аёосуз кырып гана тим болбостон, адамзат цивилизациясын да талкалап жатышат” деп белгиледи.

Жекшембиде сириялык өкмөттүк аскерлер жана элдик кошуундар Пальмираны май айында ээлеп алышкан “Ислам мамлекети” радикалдуу топтун мүчөлөрүнөн бошотушкан. Операция орусиялык согуштук авиациянын колдоосу менен ишке ашкан.

XS
SM
MD
LG