Ссылки доступа

Астанада авариялык конууну ийгиликтүү ишке ашырган экипаж сыйлыкка көрсөтүлөт


Казакстандын инвестициялар жана өнүгүү министри Асет Исекешев фейсбук баракчасына Астананын аэропортунда авариялык конууну ийгиликтүү ишке ашырган BekAir авиакомпаниясынын учкучтары сыйлыкка көрсөтүлөрүн жазып чыкты.

Казакстандык Bek Air компаниясы Кызылордодон учуп келе жатып, жекшемби күнү саат 10:36да шассидеги мандемден улам Астананын аэропортуна авариялык конууга мажбур болгон. Учакта 116 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү бар болчу. Эч ким жабыр тарткан жок.

Жергиликтүү басылмалар бул факты боюнча Башкы транспорттук прокуратура “Аба транспортун пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогондугун кабарлашты. Ал эми Инвестициялар жана өнүгүү боюнча министрлик окуяны иликтөө боюнча комиссия түздү.

Астананын аэропорту 13:00гө чейин жабык деп жарыяланган. "Интерафакс-Казакстан" билдиргендей, учуп келүү жана учуп кетүү таблосундагы маалыматтарга ылайык, Бишкек, Алматы, Актоо, Кызылордо, Уральскиге болгон Air Astana, Scat, Bek Air авиакомпанияларынын 10го жакын рейси кечиктирилген.

XS
SM
MD
LG