Ссылки доступа

Роттердамда теракттарды уюштурууга жардамдашты делген жаран кармалды


Роттердам полициясы тарабынан Франциядагы терактты уюштурууга катышы бар деген шек менен франсуз жараны кармалды. Бул тууралуу Нидерланд прокуратурасы билдирди.

Прокуратуранын маалыматына караганда, кармалган жаран 32 жашта. Ал камакка алынды, жакында Францияга өткөрүлүп берилет. Аны менен кошо дагы үч шектүү жаран кармалды. Алардын экөө-алжир тектүү.

Евробиримдик Париждеги, Брюсселдеги кандуу окуялардан кийин террористерге каршы активдүүлүгүн күчөттү.

Аталган теракттарды уюштурууга кол кабыш кылган деген шек менен европалык коопсуздук түзүмдөрү 8 адамды издөөгө алды. Мындай маалымат Германияда чыккан Die Welt гезитинде жарык көрдү. Чабуулдардын артында “Ислам Мамлекети” радикалдуу тобуна тиешеси бар экстремистер турат.

Нобярда Парижде теракт болуп, анда 130 адам набыт кеткен. 22-мартта Брюсселдеги жардырууда 31 курман болуп, 130га чукул жаран жаракат алды.

XS
SM
MD
LG