Ссылки доступа

Кырсык алдында Flydubai учкучтарынын ортосунда чатак чыккан


Flydubai авиакомпаниясынын "Боинг" учагы 19-мартка караган түнү Ростов-на-Дону аэропортуна экинчи ирет конууга аракет кылган мезгилде кырсыкка учураган. Учактагы 62 жүргүнчүнүн бардыгы каза тапкан.

Flydubai авиакомпаниясынын "Боинг “ учагынын учкучтары кырсыктан бир нече мүнөт мурун чатакташып кетишкен. Бул туурасында бүгүн «Коммерсант» иликтөө иштеринен кабары бар булакка шилтеме берүү менен билдирди.

Экипаж экинчи ирет конууда автоучкучту өчүрүп, механикалык жол менен кондуруу жөнүндө чечим кабыл алган. Муну“кара кутуларды” чечмелеген эксперттер аныкташты. Учкучтардын бири учакты туура эмес башкаргандыктан, экинчиси андан штурвалды тартып алууга аракет кылып, чатакташа кетишкен. Учакты башкарып бараткан учкуч штурвалды өзүнө тартып, ал эми экинчиси болсо өзүнүн штурвалын ары түртүп: “Токто! Кайда?! Тынч тур!” деп кыйкырган. Натыйжада учакты башкаруу үзгүлтүккө учурап, «Боингдин» компьютерине учкучтардын эки штурвалда жасаган аракеттери таасир эте баштаган. Учактын кулап бараткандыгын экипаж кеч сезип калган, ал саатына 325 чакырым ылдамдык менен жерди көздөй сызып бараткан эле. Учкучтар бир нече секунд бою “катуу корккондон жана айласы кеткенден” кыйкырып жатышты, деп жазат гезит.

Flydubai авиакомпаниясынын учагы Дубайдан Ростов-на-Дону шаарына бараткан. Ал 19-мартка караган түнү оор метеорологиялык шарттарда экинчи ирет конууга аракет жасаган мезгилде кырсыкка учураган. Учактагы 62 жүргүнчүнүн бардыгы набыт болгон.

XS
SM
MD
LG