Ссылки доступа

Москвада Назаровдор династиясынын концерти өттү (видео)


Москванын Лужники спорттук комплексинде "Шогун-бахор" гала-концерти өттү. Анда Тажикстан менен Орто Азиянын көрүнүктүү аткаруучулары - Далер Назаров, Парвиз Назаров, Ситора Назарова жана Аброр Назаров ырдашты. Аталган сахнада биринчи ирет Назаровдордун үй-бүлөсү чогуу концерт беришти.

27-марттын кечинде Москванын “Лужники” спорттук комплексинде Далер, Парвиза, Ситора жана Аброр Назаровдордун катышуусу менен "Шогун-Бахор" гала-концерти өттү.

Алматы шаарында жашаган атактуу тажик ырчысы Парвиз Назаров бул концерт ал үчүн маанилүү маданий иш-чара болгондугун айтты. Программада Далер Назаровдун мыкты ырлары жаңырды. Ал көрүүчүлөргө бир нече жаңы ырын, ошондой эле эски ырларынын жаңыча интерпретациясын сунуштады.“Лужникидеги” концертте Ситора Назарова да бир нече жаңы ырларын аткарды.

"Мен элге белгилүү болгон чыгармаларымды аткардым. Ошондой эле орус тилинде бир нече ыр алып чыктым. Анткени ал жерде Тажикстан менен Казакстандан келген орустар да бар болчу. Аброр, Ситора менен бирге дуэт болуп ырдадык. Концерт акыркы “Макидома” альбомундагы ырлардын бет ачаарынан башталды”,-деди Парвиз Назаров.

Назаровдордун үй-бүлөсүнөн тышкары концертте тажикстандыктардын Орусиядагы “Нур” аймактык маданий уюму тарабынан даярдалган жана мигранттардын турмушунан алынган чыгармалар көрсөтүлдү. Гала-концертти тажик диаспорасынын ушул уюму уюштурган.

XS
SM
MD
LG