Казакстанда тыюу салынган “Таблиги Жамаат” уюмунун жергиликтүү бөлүмүнүн лидери катары болжолдонуп жаткан Айдын Шакентаевди сот жалпы режимдеги колонияга эки жарым жылдык мөөнөткө кести. Мурат Шопенов менен Бауыржан Сериков – жалпы режимдеги колонияга эки жылдык мөөнөткө эркинен ажыратылышты. Өкүмгө ылайык, жаза өтөө мөөнөтү кармалган учурдан, тактап айтканда 2015-жылдын октябрынан тартып эсептелинет.
Өткөн айда Астанада “Таблиги жамааттын” ишмердүүлүгүнө тиешеси бар делген беш айыпталуучуга өкүм чыгарылган. Алар 2,5 жылдан эки жылга чейинки мөөнөткө абакка кесилишкен.
Казакстанда «Таблиги жамааттын» ишине тыюу салынган. Ал 2013-жылы февралда Астананын соту тарабынан экстремисттик уюм деп табылган. Казакстандын бийлиги «Таблиги Джамаат» халифат түзүүнү көздөйт деп эсептейт.