Натыйжада эки тараптан эл чогулган. Ал жерге кыргызстандык чек ара бекеттеринин зардалдары келип, чыр чыгара койбой, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн соң, чогулгандар тарап кетишкен.
Эки тараптуу жергиликтүү келишимдерге ылайык, Каравшин дарыясынан шагыл алууга Кыргызстандын Аксай жана Тажикстандын Чорку айылдарынын тургундары бирдей укуктуу. Буга байланыштуу Каравшинден шагыл алуу маселеси 28-мартта бул маселени жөндөө эки айыл өкмөт башчыларынын жолугушуусунда талкууланууда.
Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал туруктуу экенин чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.