Ссылки доступа

Сирия менен Иракта өспүрүм курактагы кыргызстандык 125 бала жүрөт


Мындай маалымат 28-мартта Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинин жыйынында айтылды.

Аталган комитет бүгүн экстремисттик жана террористтик аракети үчүн кылмыш жообуна тартуу тууралуу мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүүнү талкуулады. Сунушталып жаткан өзгөрүүгө ылайык, экстремисттик жана террордук иштерге азгыруу менен алектенген, терроризмди каржылаган деп шектелгендер 14 жашынан тарта жоопко тартылмакчы. Азыркы мыйзам 16 жаштан гана жоопкерчиликке тартат.

УКМК кабарлагандай, Сирия жана Ирактагы согуш талааларында 10 жашка толо элек 85 бала бар. Калганы 18 жашка чейинкилер. ИИМдин маалыматы боюнча 500дөй кыргызстандык жаран террордук уюмдарга кошулуп, Сирия, Ирактагы уруштардын очогунда жүрөт. Алардын ичинен 33ү өлүп, 40ы мекенине кайтып келди.

XS
SM
MD
LG