Ссылки доступа

Кремль Путинге каршы маалыматтык сокку даярдалып жаткандыгын кабарлады


Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков жакын арада Владимир Путин менен ага жакын адамдарга каршы чет өлкөдөн “объективдүү жана сенсациялуу” мүнөзгө ээ маалыматтар жайылтууга камдалып жаткандыгын билдирди.

Песковдун айтымында,Журналисттик иликтөөлөрдүн эл аралык консорциуму (CIJI) сурак мүнөзүндөгү суроолордун топтомун жөнөткөн.

"Биз мунун артында жалаң гана журналисттер эмес, башка уюмдар менен кызматтардын адамдары да бар экендигине көзүбүз жетет. Алар жакын арада Германия, АКШ, Улуу Британия, Швейцария, Орусия жана башка өлкөлөрдө кезектеги “өрдөктөрүн учурууга” камданып жатышат”, - деди ал.

Путиндин өзү, үй-бүлөсү, бала чактагы достору, бизнесмендер (Ковальчук, Ротенберг), кайсы бир оффшордук компаниялар туурасында суроолор жөнөтүлгөн.

Песковдун пикиринде, белгилүү эл аралык маалымат агенттиктери да бир топ материалдарды жарыялашы мүмкүн. Ал булардын бардыгын “кезектеги чагымчыл тапшырыктар” деп атап, Кремлдегилер бул суроолорго жооп бербей тургандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG