Ссылки доступа

Жактоочу: Савченконун абалы туруктуу, бирок салмагын жоготууда


Орусия соту тарабынан 22 жылга кесилген учкуч Надежда Савченконун абалы турукташты. Бирок ал күнүгө 400-500 грамм салмак жоготууда.

Бул туурасында анын жактоочусу Николай Полозов социалдык түйүндөр аркылуу билдирди. Анын айтымында, өкүм 5-апрелден тарта күчүнө кирет, анын эртеси эле Савченко кургак ачкачылыгын кайрадан баштайт. Украин аскер кызматкери доо арыз жазбайт, жактоочуларга дагы тыюу салды. Ачкачылык кармоодон баш тарттырууга мүмкүн болгон жок.

Ростов облусунун Донецк соту 22-мартта Савченкону эки журналистин өлүмү үчүн күнөөлүү деп таап, узак убакытка түрмөгө кескен. Ал бул айыптарды четке кагып келет.

Украин президенти Петр Порошенко бул соттук жараянды “шермендечилик” катары баалаган. Ал Савченкону Донбасстагы атайын операция учурунда кармалган орусиялык эки жаран-Александр Александров менен Евгений Ерофеевге айырбаштоого макул экенин билдирген болчу.

XS
SM
MD
LG